“Айзаданын апасы кызынын жоктугун эми сезип, жаман болуп жатат” дейт Айзада Канатбекованын баккан таежеси

Коомчулукту дүрбөткөн Айзада Канатбекованын окуясы унутула элек. Жакындары бир үй-бүлөнүн көкүрөк күчүгү болгон Айзаданы күнү-түнү эстеп, анын окуясы татыктуу каралбай жатканын айтышууда. Биз аны баккан таежеси Бактыгүль Шакенова менен маектештик. Ал маркум ага өз кызындай болуп калганын, анын пландарын, өлөрүнүн алдында түнт болуп кеткенин айтып эскерди.