Бишкекте ала качып кетти делинип 5-апрелден бери изделип жаткан Айзада Канатбекова менен аны ала качкан жигиттин сөөгү кечээ шаардын четиндеги талаадан табылды.
Коомчулук «видеобайкоого түшкөн адамдарды, автоунааны учурунда таап, кызды өлүмдөн арачалап калбады»,- деп милиция кызматына нааразы болуп, Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын башчысынын жана ички иштер министринин отставкасын талап кылууда. Айзаданын өлүмү кыргыз кыздары туш болгон биринчи трагедия эмес. Буга чейин Бурулай аттуу кыз дагы ала качуунун курмандыгы болуп, милиция кызматынын имаратында ала качкан жигиттин колунан каза тапкан. Ал окуяда дагы милиция кызматынын жетекчилери жоопкерчиликке тартылган эмес. Баары суудан кургак чыгышкан. Атүгүл жакында ошол жетекчилердин бири Талас облустук милициясына жетекчиликке дайындалды. Бүгүн Бишкек шаардык милиция башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Матмусаев маалымат жыйын өткөрүп, «кызматтан кетпейм» деди.
1