“Акыркы убакта шашылып жашап калган”. Рахман Разыковду кесиптештери эскерет

Куудул, сатирик Рахман Разыков 7-июнь күнү коронавирус илдетинен дүйнө салып, кыргыз сатирасы оорду толгус оор жоготууга учурады. Алп куудулдун кесиптештери, шакирттери устатын жоктоп, аны “кылымда бир жаралчу адам болчу” деп эскеришет.