“Апам мага издөө сала бергенинен тажадым. Эми аны менен элдешпейм” дейт жоголду делген кыз

Буга чейин 26 жаштагы кызын издеп, биздин редакцияга Мухабат Эрматова аттуу эне кайрылган эле. Ал өз сөзүндө жалгыз кызы дээрлик алты айдан бери кат кабарсыз кеткенин, анын туткунда экенинен күмөнү бар экенин айткан. Дал ошол видеодо изделип жатат делген кыз бизге кайрылып, өзүнүн дайынын айтып, эч жакка жоголбогонун билдирди. Ал бул видеодо апасы айткан сөздөрдү төгүндөдү.