Арстан Алайды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн 31-түзөтүү мекемесинде каза тапкан Арстанбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты маркумдун Бишкектеги үйүндө өттү. Аны менен коштошуу зыйнатына Арстан Алайдын жакындары, айылдаштары, дос-кесиптештери келди. Алар маркумдун көзү тирүү кезинде жасаган эмгектерин, кайрымдуулук иштерин айтып, эскеришти. Арстан Алайдын сөөгү Бишкектин четиндеги Орок айылында коюлду.