Аялдар абагында Нооруз майрамы кандай белгиленет? “Эки кызды уруп коюп, 10 жылга камалып кеттим”

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы белгиленүүдө. Бул майрамды утурлай Степное айылындагы аялдар абагына бардык. Анда темир тор артында жазасын өтөп жаткан аялдарга майрамдык концерт уюштурулду. Биз дал ошол концертке күбө болуп, аны менен катар айрым жаза өтөөчүлөрдүн баянын угуп келдик.