“Аянттагы башаламандыкта көзүмдөн ажырап, эми жумушсуз калдым” дейт октябрь окуясынын курмандыгы

Октябрь окуясына 1 жыл. Былтыр аянтта орун алган башаламандыкта Руслан Чегитркеев бир көзүнөн ажырап калган. Ал учурда агып түшүп калган көзүнүн ордун желим салып жашап келет. Биз Чегирткеев менен “Ала-Тоо” аянтына барып, ошол күн жана андан кийинки өзгөрүүлөр тууралуу сүйлөштүк.