«Баламдын да сөөгү меникиндей сынма болуп калды» дейт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген ата

Амантур Ильпбеков 42 жашта. Ал кичинесинен тарта сөөк оорусу менен жабыркап, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Жубайы Мээрим Көчөбаева экөөнүн түтүн булатып жашап келе жаткандарына 20 жылдын жүзү болду. Учурда алардын 3 уулу, 2кызы бар. Бул үй-бүлөнүн тамдуу болсок деген аракети, каалоосу күч.