«Баштыкка салынып, оозуна кагаз тыгылган…» Бишкекте дагы бир бала ташталды

Кечээ, 19-ноябрда Бишкектин Арча-Бешик конушунун Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда ымыркай табылганы айтылган. Бул — ноябрь айында Бишкектин көчөлөрүндө табылган экинчи ымыркай. Баланы таап алгандар — милиция кызматкерлери болгон. Алар SUPERTV’га окуянын чоо-жайын айтып беришти.