“Батир ээси балдарымды сабап, кайра менден миллион сом сурап жатат” дейт эки баланын энеси

“Акыйкаттык издегендер” рубрикабызга бул жолу балдарын коргойм деп соттолуп кетүү алдында турган келин кайрылды. Ал үй-бүлөсү менен батирде турушарын, батир ээси эч себепсиз келип балдарын сабаганын, баласын коргойм деп батир ээсине каршылык көрсөткөнүн, ошонунун айынан батир ээси анын үстүнөн арыз жазып, улам суракка чакырылып жатканын айтып көзүнө жаш алды.