“Белиме ок тийип, жарадар абалда качып жүрдүм” дейт Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган жаран

Замир Кочкоров Баткендин Арка-2 айылынын тургуну. Ал Тажикстандын куралдуу кол салуусунда белине ок жеген. Ал эми Айтолкун Таштемирова ашказан, жоон ичегисине ок тийген. Алар ошол апаат күндү эскерип, учурдагы абалы тууралуу айтып беришти.