“Бир сантиметр да жерди бербейбиз” деген чек арачы менен маек

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда “Жолдош полковник, бир сантиметр да жерибизди бербейбиз” деген видео тараган. Видео элге кеңири жайылып, андагы жигит көпчүлүк кыздарды суктандырып, “краш” атыккан эле. Ал — лейтенант Эламан Джунушалиев. Биз дал ошол жигитти маекке чакырдык. Каарманыбыз интервьюда өзү, кесиби, жеке жашоосу жөнүндө айтып берди.