“Бир заматта жашообуз өзгөрдү” дейт SUPERTV’нын каарманы

Буга чейин биз «7 балам үшүгөндө аларды «кышка чейин жылуу үйгө киребиз» деп алдайм» деген атанын баянын чагылдырганбыз. Анда каарманыбыз төрт тегереги темирден куралган павильондо балдары менен күн кечирчү. Видео жарык көргөн соң көп балалуу үй-бүлөгө кайрымдуу адамдар тарабынан азык-түлүк, акчалай жардамдар келип, алтургай суук павильондон жылуу үйгө көчүрүп кетишкен. Бүгүнкү күнү кубанычы коюнуна батпай турган Ырысбек Орозбеков менен маектешип, үйү менен таанышып кайттык.