Бири күрүч көтөрүп келсе, бири акыркы пальтосун алып келген… Баткенге жардам берилүүдө

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам Баткенде бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, башка жактарга көчүрүлүүгө аргасыз болушту. Алар учурда гуманитардык жардамга муктаж. Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт сарайында күн-түн дебей Баткендеги мекендештерибизге гуманитардык жардам чогултулуп, маал-маалы менен жөнөтүлүүдө. Аталган жерге кайрымдуу адамдар тамак-аштан тарта кийим-кече,төшөнчү, гигиеналык каражаттарга чейин алып келишүүдө.