Бишкекте шар аккан сууда агып бара жаткан кызды куткарган жигит: «Өз өмүрүм үчүн корккон жокмун»

Кечээ, 10-июнь күнү Бишкекте 10 жаштагы өспүрүм кыз сууда агып бара жатканда куткарылган. Куткаруу учурунда тартылган видео интернетке тарап, коомчулуктун позитивдүү ой-пикирин жараткан. Видеодогу кыздын өмүрүн сактап калган жигит менен байланышып, окуяны өз оозунан уктук.