“Чек ара чырында танк сүзгөн Портерде күйөөм, уул-кызым мерт кетти” дейт Кызыл-Бел айылынын тургуну

Өткөн жылдын 16-сентябрь күнү Бужум айылынын жанында жергиликтүүлөр коопсуз жайга бара жаткан Портер унаасы танк менен кагышып, 12 жаран каза болгон. Мерт кеткендердин арасында Шайыр Жолдубаеванын жолдошу, өспүрүм кызы жана 7 жашар уулу болгон. Жолдубаева азыр аман калган 3 кызы менен борбордо турат.

Үй-бүлө багуучусунан ажырап, өздөрү түрдүү жаракаттардан улам, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калган Жолдубаева жана анын кыздары учурда коомчулуктун жардамына муктаж. Биз алар убактылуу баш калкалап жаткан үйгө барып, сүйлөштүк. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0220 67 62 68 (Мбанк)