Чубак Жалиловдун атынан майыптарга белек тапшырылды. Иш-чарага ажынын жубайы катышты

Бүгүн, 2-декабрда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге атайын жабдыктар белекке берилди. Иш-чараны “Датка-Айым” кайрымдуулук фонду уюштуруп, алар маркум ажы Чубак Жалиловдун атынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, өлкөнүн ар аймагынан келген 20 адамга арабаны автоматтык түрдө сүйрөй турган жабдыктарды тапшырышты.