Чыңгыз Айтматовдун канаты Мария Айтматова дүйнө салды. Коштошуу зыйнаттан репортаж

Кыргызды дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 20-апрелде жарык дүйнө менен кош айтышты. “Ал Айтматовду Айтматов кылган жароокер жубай, мыкты эне, үлгүлүү кожойке жана мыкты киносценарист болгон”, — дешет маркумдун жакындары. Мария Айтматованын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.