“Цирктин машыктыруучусу гимнаст кыздарыма ыдык көрсөттү” дейт 2 кыздын апасы|Машыктыруучу эмне дейт?

Бул жолу биздин редакцияга Бишкектеги Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин гимнастика ийриминин тарбиялануучуларынын ата-энелери кайрылышты. Эки кыздын апасы кыздары ийримде сабак берген мугалим тарабынан ыдык көрсөтүүгө кабылып жатканын айтты. «Агай, баарыбызды өбөт, колу-бутубузду кармалайт” деген тарбиялануучу кыздар агайынан ыдык эле эмес, зомбулук көрүп жаткандарын да айтышты. Редакция окуя боюнча тараптардын оюн угууну туура көрдү.