Дайынсыз кеткен кызынын балдарын баккан апага 10 миң доллар берилди

SUPERTV телеканалы 19-октябрь күнү Бишкектеги Ош базарынын айланасында 6 небереси менен күн кечирген Алимахан Төлөнбаеванын баянын тарткан.

«Кызым иштейм деп кеткен бойдон дайынсыз. Анын балдарын мен багам” деген ал. Видео чыккандан 3 күндөн соң биздин редакцияга атын атагысы келбеген көрүүчүбүз кайрылып, Төлөнбаевага 10 миң  доллар өлчөмүндө каражат бергиси келерин айтты. Биз көрүүчүбүз менен чогуу Төлөнбаеванын үйүнө барып келдик.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0500 12 85 34 (Алимахан Т.)