«Дарыгерлердин «баары бир өлөсүң» деп койгону эсимден кетпейт» дейт рак илдетине чалдыккан ырчы

Ырчы, кыл кыякчы, ооз комузчу Гүлнара Сыдыкбекова 57 жашта. Ал 35 жылдан бери Кыргыз Улуттук филармониясынын алдындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде эмгектенет. 9 жылдан бери аты жаман рак оорусу менен алышып келген ал пандемиядан улам чек ара жабылганына байланыштуу дарылануусу үзгүлтүккө учураганын, акыркы 3 айдан бери абалы начарлап баратканын көзүнө жаш ала баяндап берди.