Депутат катышты делген мушташ. Күбө окуя тууралуу айтып берди

Кечээ, 12-мартта Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Интернет колдонучулар мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанып, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда. SUPERTV’га күбө окуя тууралуу, жабырлануучунун апасы уулунун абалы тууралуу айтып берди.