Диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Легендарлуу диктор Бактыбек Мамытов 20-майда 72 жаш курагында көпкө созулган оорудан улам көз жумду. 21-майда аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө жерге берилери белгилүү болду.