Баткендеги чек ара жанжалы бүт кыргыздын жан дүйнөсүн эңшерип, кабыргасын кайыштырып кетпедиби. Бул апаатта окко учкан жоокерлердин бири Эсентур Кубанычбеков эми гана 30дун кырына келген. Мамлекеттик чек ара кызматында 2053-аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири Эсентур Кубанычбеков 29-апрелде көз жумду. “Үй бүлө курсам, балалуу болсом” деген тилектери бар капитандын максаттары аткарылбай кала берди. Кубанычбеков 1-май күнү өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди. Бул видеодо жанын Мекенге алмаштырган баатырды анын эң жакын досу Урматбек Нурсейит уулу эскерет.
“Досум Эсентур күзүндө үйлөнөм дечү” дейт Баткенде окко учкан жоокердин досу
- Categories: КООМ/ТАГДЫР
Related Content
Эгиздерге баш кошкон эгиздер | “Үйлөнгөндө бирибиз эшиктен, экинчибиз терезеден кирдик”
Автор
Perizat Muz
19:39 29.04.2024
Күнүнө 10 миң метр лагман чоюлган Жалал-Абаддагы “Зам Зам” кафеси
Автор
Perizat Muz
17:32 27.04.2024
Абакка түшүп кыйылган өмүр, элдин баарын ыйлаткан спектакль
Автор
Perizat Muz
21:35 26.04.2024
"Жатыны жакшыдан күчтүү тукум калат" дейт тренер-психолог Баян Кубанычбек
Автор
Perizat Muz
15:52 26.04.2024
Сюрприз! Видеону көр жана торт жасоону үйрөнүүгө бекер сабак утуп ал!
Автор
Perizat Muz
18:29 24.04.2024