“Эл башкарган киши болсун деп 3 эмдин бирине Садыр деп ат койдук. Бири операцияга муктаж” дейт ата-энеси

Бул ирет биз Садыр, Раяна, Ясина аттуу 3 эмдин ата-энеси менен маектештик. Наристелер 2 ай мурда жарыкка келишкен. “Алардын бирине эл башкарган киши болсун деп Садыр деп ат койдук. Ал эми бири өз алдынча чоң заара кыла албагандыктан, учурда операцияга муктаж” дейт ата энеси.