“Эмоцияга алдырдым, ага окуучулардын кылган мамилеси түрткү болду” | Сузактагы мугалим-окуучу чыры

Кечээ, 25-май күнү социалдык тармактарда мугалим менен окуучунун чыры тартылган видеосу коомчулукка тараган. Кийинчерээк маалым болгондой, окуя үстүбүздөгү жылдын 23-май күнү Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы окуу-тарбиялык комплексинде болгондугу, мектептин 7-классынын окуучусун информатика сабагынан мугалими уруп койгондугу аныкталган. Биз бул окуя боюнча аталган видеодогу информатика мугалими делген Мээримгүл Эргешбаева жана сабалды делген кыздын апасы жана мектеп директору менен сүйлөштүк.