“Индияга операция жасатканы келип, Мекенге кете албай калдык” дейт жардамга муктаж эне

SUPERTV телеканалына Бактыгүл Сагынбаева аттуу эне элден жардам суроо максатында кайрылды. Ал ушул жылдын май айында 18 жаштагы уулунун бөйрөгүн алмаштыруу максатында Индиянын Нью-Дели шаарына барышканын айтат. Адилет Иманбековго агасы бир бөйрөгүн берип, операция ийгиликтүү өткөнү — жакшы жаңылык. Бирок операция карызга жасалып, эне жана анын балдары Индияда кармалып, Мекенге келе албай жатканын айтышат.

СБЕРБАНК: 4279 3806 8623 3919 ЭЛСОМ, МБАНК: 0700 45 99 96 Түркиядан которуу үчүн: TR 44 0013 4000 0163 4801 9000 01 (Гүлназ Токторбаевнын атында)