“Инибиздин акылы кем, ала качууга аралашмак эмес” дейт Айзаданын өлүмүнө айыпталган жигиттин эжеси

Сыймык Молдосариев — каза болгон маркум Айзада Канатбекованы ала качууга катышты делгендердин бири. Канатбекованын ишине байланыштуу 27-май күнгө белгиленген соттук отурумга анын да жакындары келип, Молдосариевдин бул чууга мажбур эле аралашып калганын, ак жерден жазага тартылып жатканын айтып, көзүнө жаш алышты. Анын эжеси Молдосариев психикалык жактан жабыркагандыктан бул кылмышка башкалардын таасири алдында аралашып калган деген пикирде.