Интернет жылдызына айланган Айдананын үйүндө конокто. “4 балалуу болгум келет”дейт ал

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде көп кырдуу талант Айдана Ниязбекованын түрдүү видеолору популярдуу болуп келет. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай өзүн бир катар тармактардан сынайт. Ырдап, боёнуп, түрлөп тамак даярдап контент жасаган Айдананын үйүнө барып келдик.