“Жапаровдун кортежи катышкан автокырсыктан атабыз камакта, апабыз төшөктө жатып калды” дейт шектүүнүн балдары

Үстүбүздөгү жылдын 4-июнда Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын тушунда Садыр Жапаровдун кортежиндеги жолтандабас жеңил унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада президенттин кортежи кабылган кырсык боюнча шектүү эки айга камакка алынган. Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы 8-сентябрда каралган. Шектүүнүн уулу менен кызы анын күнөөлүү эместигин айтышып, биздин редакцияга кайрылышты.