«Жасалма болбогонубуз үчүн эл жактырат» дейт тиктокчу үй-бүлө

Элдос жана Айгерим — экөө тең чыгармачыл адамдар. Бири Кыргыз Улуттук филармонияда иштесе, экинчиси мугалим кесибин аркалап келген. Учурда TikTokто кавер аткарып, бийлеп популярдуу болгон аталган үй-бүлө SuperTVда конок болушту. «Биз TikTokко каражат табуу үчүн эмес, атыбызды чыгаруу үчүн киребиз» дешет жубайлар.