Жашоо токтоп калгандай болду. Жарык өчкөн учурда Бишкек кантти?

Бүгүн, 25-январда Борбор Азиянын айрым шаарлары бир нече саатка жарыксыз калды. Албетте, бул көпчүлүктүн жашоосун кыйындатты. Жарыктын жоктугу Бишкектеги соодага, көчөлөрдөгү унаа кыймылына кыйынчылык жаратса, ооруканадагы бейтаптардын дарылануусуна да таасирин тийгизбей койгон жок.