Тамак ташып, интернетте видеосу тараган 12 жаштагы Данияр аттуу бала – биздин бул жолку каарманыбыз. Ага жолугуп, биргеликте оромо саттык. Данияр 7 бир тууган. Ал атасынын ден соолугуна байланыштуу батирде жашаган үй-бүлөсүнө кам көрүп, апасы жасаган тамак-ашты, базарларга, соода борборлоруна алып барып, сатып келет. Жаш болсо да үй-бүлө түйшүгүн колго алган Данияр болочокто тамактануучу жай ачкысы келерин айтат. Кененирээк видеодон көрө аласыздар. Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0706 87 87 89
Мончодо жашаган эже-сиңдинин баяны. “11 балабыз менен көчөдө калганы жатабыз”
Чынара Өмүрбек кызы 35 жашта. Каарманыбыз өзүнүн балдары, эжеси жана анын балдары болуп Бишкектеги чыгыш автобекетинин айланасында эски мончону үй...