Бишкекте күйөөсүнөн зомбулук көргөн карындашын коргойм деген агасы камакка алынган. 25 жаштагы Мадина Исакованын ушул жылдын апрел айында күйөөсү тарабынан сабалып, эжесине телефон чалып үйүнө алып кетүүсүн суранган. Эжеси агасы менен чогуу келгенде агасы карындашына болушам деп күйөөсү менен мушташа кеткен. Окуянын чоо-жайы толугу менен видеодо.
Токтомуш Жекшенбай уулу: “Уулум ооруканага улактай секирип барып, сөөгү чыкты”
Спорттук кабарчы Токтомуш Жекшенбай уулу социалдык тармакта баласы тууралуу “кечээ уулум Бишкекте ооруканада чарчап калды. Буга себеп дарыгерлердин шалаакылыгы” деген...