Бизге акыйкат издеп 50 жаштагы Сузак районунун тургуну Кубанычбек Мавлянкуловдун үй-бүлөсү кайрылды. Алардын айтымында 14-апрель күнү Кубаныч Мавлянкуловду бир топ жигит сабап, ден соолугуна оор жаракат келтиришкен. Жабырлануучунун жубайын да ташбараңга алышкан. Бул окуяга улак тартыштагы чырдан башталган. Окуянын чоо-жайы толугу менен видеодо.
“Жубайым каза болуп, 2 кызымды жалгыз бактым” дейт Талас шаарынын тургуну
Берембек Бакалов 43 жашта. Ал жубайы каза болгонун, 2 кыздын атасы экенин айтат. Кышкысын көмүр каптап иштесе, жайкысын күнүмдүк иштерди...