“Жолдошуң менен ажырашып кеттиңби деп сурагандар көп” дейт интернет жылдызы Айзат

Буга чейин жолдошу экөө оор тагдырга туш болуп, элге жардам сурап кайрылган Айзат аттуу айымды таанысаңыз керек. Ал ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабастан соңку учурда социалдык тармактардын активдүү колдонуучусуна айланып, блогерликке кирише баштады.