Жубайы менен түркчө, кесиптештери менен немисче, көчөдө кыргызча сүйлөгөн немис тектүү Георг Майер менен маек

Макс Георг Майер дээрлик 20 жыл мурда Германиядан Кыргызстанга келген. Ал кыргыз тилинде эркин сүйлөп гана калбастан, социалдык тармактарда постторду да жазат. Каарманыбыз менен кыргыз тили, аны үйрөнүүдөгү кыйынчылыктар, кыргыздын каада-салты жана башка темаларда маектештик.