Жүрөк кан-тамыр илдеттери күнүнө 50дөн ашык өмүрдү алууда

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр оорулары жылына 18-19 миң адамдын өмүрүн алат. Башкача айтканда, ушул илдеттерден күнүнө 50дөн ашык жаран каза болот. Ал эми дүйнөнү каптаган коронавирус жүрөк-кан тамыр илдеттерин оорлотору маалым. Мындан улам коронавирус жүрөк-кан тамыр ооруларына кандай таасир тийгизери тууралуу медицина илимдеринин кандидаты, кардиолог Абдимиталип Халматов менен маек курдук.