“Кафеге акча чачкандан көрө, бак отургузалы дедик” дешет эко-активист түгөйлөр

Өзгөчө ой жүгүрткөн түгөйлөр Исмаил менен Айзат кыз-жигит болуп сүйлөшкөнүнүн бир жылдык датасын сейилбакка бак тигүү менен белгилешти. Алардын демилгесин көпчүлүк колдоп, 2 айдын ичинде 100дөн ашык көчөткө жете турган каражат чогулган. Активисттер бир нече жылдан кийин ушул бактардын көлөкөсүндө сейилдейбиз деген жакшы ниетте.