“Камкор жигитим – зөөкүр күйөөгө айланды” дейт үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин

Наргиза Каржаева 27 жашта. Каарманыбыз ар бир кыз сыяктуу эле турмушка чыкканда бактылуу болом деген тилек менен жолдошу менен никелешкен. Кадимки жай турмуш. Келечекке чогуу койгон тилектер. Бул тынчтыкка, бул бактылуу турмушка жолдошунун кызыл камчылыгы бүлүк салат. Биз бул ирет жолдошунун зомбулугунан жапа тарткан келиндин баянын көрсөтөбүз.