Канттын тургундары «сейил бак бир ууч байларга эмес, шаарга карашы керек» дешет

SuperTV каналына Кант шаарынын тургундары кайрылышты. Алардын айтымында, шаардын көрүнүктүү сейил багында бак кыйылып, газдын куурун жер алдынан алып өтүү үчүн казуу иштеринен дарактардын тамыры зыян тартууда. Шаардын тургундары бул иштерди токтотууну, буга себепкер болуп жаткан университеттин курулушунун да токтотулушун талап кылышты.