“Көчө шыпырып иштейбиз, жумушубуз өзүбүзгө жагат” дейт “Тазалыкта” иштеген жубайлар

Бул жолу “Тазалык” ишканасында 7 жылдан бери эмгектенип келген үй-бүлө жөнүндө видеоматериалды сунуштайбыз. Каармандарыбыз “Сообу көп иште иштейбиз. Бул жылдар аралыгында жакшы сөзүн айтып алкагандар да, жаман сөзүн айтып жектегендер да болду” дешет. Шаардын тазалыгына салым кошкон үй-бүлөнүн баянын көрүңүз.