Контейнер үчүн тез жардам кире албай калды деген окуя: Бейтап каза болду. Күнөө кимде?

Кечээ жакында интернетке үйдүн жанына коюлган контейнер үчүн тез жардам кызматы бейтапты тиешелүү түрдө алып чыга албай койду делген видео тараган эле. Кийинчерээк аталган контейнерге тиешеси бар деп депутат Камчыбек Жолдошбаевдин да аты аталып жатты. Видеодогу бейтаптын аты жөнү – Манзура Бакаева. Тилекке каршы, Бакаева каза болуп калды. Биз маркумдун уул, кызына көңүл айтып, окуянын чоо-жайын билгени бардык.