Көр казып иштегендер: «Коронавирустан каза болгондорду жерге берип жетишпей жаттык»

Адистердин айтымында дүйнө жүзүндө 50 миңден ашык кесиптин түрлөрү бар. Алардын ар биринин өз орду, мааниси бар. Бирок бир дагы жайда мүрзөнү кантип казып, каза болгон кишиге жайды кантип даярдаш керектиги үйрөтүлбөйт. Биздин «Тузу оор кесиптер» долбоорубуздун бул чыгарылышында кылымдардан бери муундан-муунга үйрөтүү жолу менен келе жаткан бул иш тууралуу чагылдырабыз.