«Көзүмдөн кан агып жатты, бирок эч нерсени сезген жокмун» дейт чек ара жаңжалынын күбөсү

Биз Кыргыз-Тажик чек арасында жабыркагандар темасын улайбыз. Бул жолку каарманыбыз дал ошол чек арадагы чуу башталарда талаада эки баласын жанына алып, бейкапар өгүз кайтарып жаткан. Капыстан келген ок анын буттары менен көзүнө доо кетирип, бүгүн аны керебетке байлап койду. Чыңгыз Каработоев ошол каргашалуу күндү эстеди.