Курултайда көзүнө жаш алган баткендик карыя | «Уулумдан айрылгам. Эстеген сайын ыйлайм»

Өткөн аптада өткөн элдик курултайда бир делегаттын сөзү элдин өзгөчө көңүлүн бурду. Ал Баткен облусунан келген Жалил Каработоев. Биз дал ошол чек арага чектеш жайгашкан Көк-Таш айылынын тургуну менен байланышып, кенен сүйлөштүк.