Күйөөсүн колуна көтөргөн келин эсиңиздеби? Улан менен Бурулсун кыздуу болушту

Биз мындан бир жыл мурда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген Улан жана Бурулсун аттуу жубайлардын сүйүү баянын чагылдырганбыз. Арадан бир жыл өтүп, алар бүгүн кыздуу болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Ата болуп сүйүнүп турган Улан Асанов «Бул күнгө жетпей калабызбы деп корктук» дейт. Биз алардын жакшылыгына ортоктош болуп, куттуктап келдик.