Кыргызча түш жоруп, Айтматовдун “Жамиля” повестин урду тилине которгон пакистандык жигит

Зафар Саба-Уз пакистандан келген. Ал кыргыз тилинде суудай сүйлөйт. Алтургай, Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестин кыргызчадан урду тилине которуп жатканын айтат. Бул видеодо каарманыбыз кыргыз тили, маданияты, эли жана Бишкектеги жашоосу тууралуу айтып берди.