“Кызым жатындын кир суусун жутуп алган. Эми адам болбойт дешти” дейт 22 жаштагы эне

Кичинекей Амира бул жашоого келгенине 2,5 гана ай болду. Ал дем алдыруучу аппарат менен жашайт. Жакындары анын мындай абалга келишине дарыгерлердин шалаакылыгы себепчи дешет. Ошондой эле ымыркай энесинин жатынындагы кирдеп калган сууну ичип алганын жана буга убагында чара көрүлбөгөнүн айтышат.