“Кызымды төрөтканага жөнөтүп, сөөгүн өлүкканадан алдым” төрөттөн каза болгон келиндин атасы

Биздин телеканалга 35 жаштагы кызынын төрөттөн каза тапканын айтып маркумдун жакындары кайрылды. Жаш эненин өмүрүн алган каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү орун алган. “Сүйүнчү келет деп күтүп отурсак, суук кабар келди” деген үй бүлөнүн кайгы муңун тең бөлүшүп, көңүл айтып окуянын чоо-жайын менен тааныштык.